Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
Кыргызстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:32:06да күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сайтында маалымдалган.
Жер титирөөнүн очогу кыргызстандын территориясында, Алга-Бас айылынын 4 чакырым, Талдык кыштагынын 5 чакырым, Каблан-Кел айылынан 5 чакырым, Чайчы кыштагынын 13 чакырым, Боз-Караган кыштагынын 14 чакырым жана Ош шаарынын түштүк-чыгышынан 45 чакырымында жайгашкан.
Кыргызстандын калк жайгашкан пункттарында жер титирөөнүн күчөшү: Алга - Бас, Каблан-Кел, Талдык айылдарында - 4 балл; Лаглан, Лангар, Тээке, Кара-Шоро, Курак, Чайчыда - 3,5 балл; Гүлчө, Кызыл-Туу, Алчалы, Мурдаш, Кара-Сегет, Тогуз-Булак айылдарында - 3 балл, Ошто - 2,5-3 балл болгону байкалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8405
Добавить комментарий ×