Бабанов: «Бийлик мурунку башчылардын каталарын кайталабашы керек»

5 ноября 2017 12:29 597 Barometr
Поделиться в:
ok

"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Башкы прокуратуранын ага карата кылмыш ишинин козголушу тууралуу чечиминн түшүндүрмө берип жатып, бийлик өкүлдөрн мурунку жетекчилердин каталарын кайталабоого чакырды.

Демек, Бабановдун анын сойиалдык тармактагы расмий сайтында жарыяланган арызында мындай деп айтылган:

“Урматтуу кыргызстандыктар,

Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясый кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүм-билемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди.

Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.

Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл.

Ар бир адилетсиз иш аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз кутулууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!»,-деп чакырды Өмүрбек Бабанов.

Белгилесек, Башкы прокуратура КРдын Кылмыш кодексинин «Конституциялык түзүлүштү зордук менен өзгөртүүгө чакырык жасаган жана улут аралык кастыкты козуткан» деген беренелер боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Бабанов жана башка жактарга карата кылмыш ишин козгогон.

Эске салсак, 28-сентябрда, интернетке бабановдун шайлоочулар менен болгон жолугушкан видео жарыяланган. Анда кадр артындагы эркек адам видеого түшүндүрмө берип жатып, Бабанов кыязы этникалык азчылыкты келишпестикке чакырган деп билдирген.

Бирок кийинчирээк талапкердин штабы видео жазуунун түп нускасын жарыялаган. Анда штабдын маалыматына ылайык, улут аралык келишпестиктерге чакырык болгон эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8404



Добавить комментарий