Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту

5 ноября 2017 11:41 539 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 4-ноябрда, КРдын өкмөт башчысы Сапар Исаков менен жолугушту.

Президент жана премьер-министр кыргыз-казак чек арасындагы абалды жана товар өндүрүүчүлөр, жүк ташуучулар жана чек арадагы кырдаалдан зыян тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча көрүлө турган чаралар тууралуу талкуулашты.

Мындан тышкары, мамлекет башчы экономика, социалдык объекттер тармагы жана калктын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү жумуштары, негизги энергетикалык объекттерде оӊдоо иштеринин жүрүшү боюнча кабар алды.

Президент Атамбаев өкмөт башчынын көӊүлүн, өкмөт көмүрдүн бааларын жөнгө салуучу механизмдерди кылдат иштеп чыгуусу керектигин белгилеп, көмүргө болгон бааларды түзүү маселесине бурду.

Мамлекет башчы калкты үзгүлтксүз жана туруктуу электр жарыгы жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды көрүү зарылчылыгын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content8402



Добавить комментарий