Саламаттыкты сактоо мекемесинин 6 жетекчиси кызматынан бошотулду
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги борбор калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдардын жетекчилик багытында сынак жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда, аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кызматтагы бардык жетекчилер сынак өткөрүлгөнгө чейин милдетин аткаруучу болуп дайындалышты. Ал эми алты уюмдун жетекчилери менен эмгек келишими жокко чыгарылды.
Буга байланыштуу, 2-ноябрда ведомстводо төмөнкү жетекчилер менен эмгек келишимин жокко чыгаруу тууралуу буйрук жарыяланды:
- Жыргыл Касымалиева – №2 Үй-бүлөлөк медицина борборунун директору,
- Жусуп Бошкоев – №1 шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери,
- Чынара Балтабаева – студенттер поликлиникасынын башкы дарыгери,
- Светлана Мамутова – шаардык эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери,
- Бурул Алмазбекова – шаардык перинаталдык борборунун директору,
- Роза Кочорбаева – балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборунун башкы дарыгердин милдетин аткаруучу.
Бул жетекчилер конкурска катышууну кааласа документтерин жалпы негиздерде тапшырса болот.
«Дүйнө бир жерде турбайт. Кызматынан бошотулган жетекчилер негизинен пенсия курагында. Биз аларга саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык эмгек өтөгөндүгү үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Алар жарандарга медициналык жардамдарды көрсөтүүнү жакшыртууда көп күч жумшашты, бирок алдыга жылуу керек жана жаштарга орун бошотуу зарыл. Менин дарегиме мындай чечимди макул таппаган пикирлер айтыла баштады, бирок канчага чейин кызмат ордун ээлөөгө болот!?», - деп белгиледи министр Талантбек Батыралиев.
Ссылка: https://barometr.kg/content8391
Добавить комментарий ×