Алтынбек Сулайманов, ЖКнын депутаты: “Деклорацияны коопсуздук кызматы баары бирдей ачык тапшырсын »

14 февраля 2017 11:33 694 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин  Конституциялык  мыйзамдар,  мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук  маселелер боюнча комитетинин жүрүшүндө  мамлекеттик  жана мунципиалдык  кызматорундарын ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн  декларациялоо  жөнүндө  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору  тууралуу маселе каралууда.   Деклароция тапшырууда  УКМК кызматкерлеринин милдеттүү түрдө тапшыруудан бошотуу тууралуу  демилгечи Дастан Бекешовдун сунушуна комитеттин мүчөсү Алтынбек Сулайманов каршы чыкты. “Эгерде УКМК кызматын  деклорация бербесе,  анда АКСти жоюш керек. Улуттук коопсуздук кызматы эч кандай саясый кызмат, же экономикалык  иштер менен алектенбей  өзүнүн ишин жасаганда  ушундай мыйзамдарды киргизсек болот.  Коопсуздук кызматынын имаратынын алдына барып көргүлөчү,  кандай машиналарды айдап жүрүшөт,  кандай үйлөрдө жашашат?  Айлык гана алып олтурган болсо мынчалык байлыкты кайдан топтоп жатышат? Баары эмес албетте. Ошол кызматтардын жасаган иштерин көрүп турбайбызбы? Анан кантип буларды деклоарция толтурбасын дейбиз, анда кантип толтурбай коюшат.  Деклорацияны коопсуздук кызматы баары бирдей ачык тапшырсын”-деп  суроо салды. Буга  мыйзамды сунуштап жаткан  Искендер Матраимов Алтынбек Турдубаевичтин суроосуна “алардын өзүнүн мыйзамдары бар. Алардын беренелери боюнча алардын жетекчилери гана деклорация тапшырып келишкен. Бирок бул мыйзам кирип калса алар баардыгы деклорация тапшырылып, бирок коомчулукка берилбейт” деп жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content838



Добавить комментарий