Бишкектин 6-кичи районунда кыз төртүнчү кабаттан кулап түштү
Бишкектеги 6-кичи районунда төртүнчү кабаттан 22 жаштагы кыз кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда, «ВБга» Тез жардам станциясынан маалымдашты.
Маалымдалгандай, азыркы тапта жаран Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды.
"Окуя кечээ эртеӊ менен, саат 5.45терде болгон. Бейтаптын ички органдары жапа чегип, баш мээси чайкалган жана башка жаракаттарды алган. Окуя кандайча эмне себептен болгону бизге белгисиз", - деп билдиришти станциядан.
Борбор калаанын ИИББси өз кезинде алдын ала маалыматтар боюнча кыз байкабай кулап кеткен деп билдиришти.
"Кечээ эртеӊ менен байкабай кокустан терезеден кулап кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаран терезе ачык турганын байкаган эмес. Ал оор абалда бейтапканага жаткырылды. Учурда иликтөө жүрүп жатат, окуянын себептери такталууда", - деп ведомстводон билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content8379
Добавить комментарий ×