Өкмөт "Фрунзе-Резорт" коомуна Ысык-Көлдөн жер аянтын берди
Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 2017-жылдын 23-октябрындагы өкмөттүн ысык-Көл областындагы Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын территориясында жайгашкан жерди «Фрунзе-Резорт» жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу (шашылыш) колдонууга берүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына өкмөттүн жеке булактары кабарлашты.
Демек, документте Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы токтомун жана Ысык-Көл райондук администрациясынын 2017-жылдын 18-августундагы токтомун эске алуу менен, туризм объекттерин куруу жана долбоорлоо максатында, Өкмөт: - Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын территориясында жайгашкан 4,61 га жерди «Фрунзе-Резорт» коомуна убактылуу (шашылыш) колдонууга, 49 жылдык мөөнөт менен туризм объектилерин куруу жана долбоорлоо максатында берүүгү токтом чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8375
Добавить комментарий ×