Анжелина Жоли үйлөнүү тоюна камданууда

3 ноября 2017 12:15 1094 Barometr
Поделиться в:
ok

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли турмушка чыкканы жатат. Бул тууралуу америкалык таблоид Hollywoodlife анонимдүү булакка шилтеме берип билдирди. Актрисанын күйөөгө чыга турганы боюнча Бред Питтин да алты баласынын да кабары жок.

 

Белгиленгендей, голливуд жылдызы жана коомдук ишмер Анжелина анын болочоктогу жолдошу 40 жаштагыбизнесмен менен бир нече айдан бери мамиле куруп келишет. Британиялык филантроп жакында эле актрисага үйлөнүү сунушун киргизген.

 

Эми сүйүшкөндөр никеге турууга даярданып жатышат. Маалыматка ылайык, үйлөнүү салтанаты Камбоджадагы улуттук коруктардын биринде болмокчу. Бирок азырынча Анжелина менен анын сүйүктүүсү өздөрүнүн мамилесин коомчулуктан жашырып келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/content8374



Добавить комментарий