Чехиянын президенти Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу жеӊиши менен куттуктады
Поделиться в:
Чехия Республикасынын президенти Милош Земан Сооронбай Жээнбековду Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодогу жеӊиши менен куттуктады.
“Менин Сизди Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышыӊыз менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыӊыз. Биз Чехия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы алакалар эки өлкө элдеринин жыргалчылыгана өнүгө берет деп эсептейбиз. Мен Сизге бекем саламатчылык, жоопкерчиликтүү кызмат ордуӊузда ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат президент Милош Земандын куттуктоо телеграммасында.
Ссылка: https://barometr.kg/content8372
Добавить комментарий ×