"Элес" тобунун солисти Айдин Жумалиев дүйнөдөн кайтты
Поделиться в:
Музыкант Айдин Жумалиев бүгүн, 3-ноябрда каза болду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассол Модокматова билдирди. Ал ошондой эле музыканттын дарылануусу үчүн каражат топтоого катышкандардын баарына ыраазчылык билдирип кетти. Молдокматова Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына «акырына чейин күрөштүк» деп жазган.
Ушул жылдын август айында Айдин Жумалиевге боор оорусуна чалдыкканы аныкталган. Дарылоого ири сумма 25 миӊ доллар керектелген. Музыкант өзү кайрымдуу адамдарга жардам сурап кайрылган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/content8366
Добавить комментарий ×