Бишкекте өрттүн кесепетинен 3 унаа күйүп кетти

3 ноября 2017 10:37 423 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Гагарин менен Люксембург көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыгып, натыйжада үйдүн мансарты күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен маалымдашкандай, жалын түн ичинде саат 01:15те болгон.

«Натыйжада ошондой эле 3 унаа дагы күйүп кеткен: «Мерседес Спринтер», «Жигули» жана «УАЗ». Алдын ала маалыматтарга ылайык, күйгөн жердин жалпы аянты 1 миӊ чарчы метрди түзгөн», - деп билдиришти ӨКМден.

Бүгүнкү күндө өрттүн себептери жана келтирилген зыяндын суммасы такталууда.

Өрттү өчүрүү үчүн 7 куткаруучу, 5 өрт өчүрүүчү техника тартылган. Өрт толугу менен саат 07:07лерде өчүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content8362



Добавить комментарий