Талантбек Батыралиев, Саламаттыкты сакттоо министри: «Байытылган ун боюнча саламаттыкты сактоо министрлигинин жалгыз иш алып барганы жетишсиз»

14 февраля 2017 10:23 638 Barometr
Поделиться в:
ok

 

-Талантбек Абдуллаевич, байытылган ундардын маселеси боюнча  Саламаттыкты сактоо министрлиги кандай чараларды көрүп жатасыз?

-Учурда байытылган ундардын мааниси абдан терең.  Элдердин арасында түшүндүрүү  иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок ундарды алып келген  экспорттордун импорттогон ишкерлерди текшерип туруу  биздин колдо эмес. Ошондуктан бажы тармагынан текшерүүгө алыш керек. Анткени биздин министрликтин жалгыз иш алып барганы жетишсиз. Тамактануу шарттары боюнча элибиз дагы кайдыгер мамиле жасап жатат.  Биздин келиндерибиз балалуу болуу иштерине абдан туура эмес мамиле жасап жатат.  Мисалы жүрөк оорусу менен ооруган келиндерибиз  балалуу болгусу келип  боюнда болгондон кийин абалы абдан оорлоп калганда келишүүдө. Бул албетте кечигип келүү болуп эсептелинет. Баланын ден-соолугуна төрөлгөндөн кийин эмес, түйүлдүк пайда болоору менен кам көрүп баштоо керек.  Мунун баары ошол байытылган ундардын баардыгы баланын ден-соолугуна таасир берет. Андыктан бул маспеле менен жалгыз биздин министрлик эмес, тийешелүү тармактар чогуу күрөшүүбүз керек. 

Ссылка: https://barometr.kg/content836



Добавить комментарий