Таласта мектептин дааратканасы күйүп кетти

1 ноября 2017 10:18 403 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас областында окуу жайдын аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 31-октябрда, Талас шаарында Турдалиев көчөсүндө жайгашкан №3 орто мектебинин короосунда (директор Л.Л.Вольф) 50 чарчы метр аянтындагы даараткананын чатыры күйүп кеткен. Учурда өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы такталууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8266



Добавить комментарий