Бишкектин айрым райондоруна 1-ноябрда таза суу берилбейт
Бишкектин айрым райондоруна 1-ноябрь күнү саат 9.00дөн кечки саат бешке чейин таза суу берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда, Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Батыш-2» суузаборундагы насостук станцияга насос-энергетикалык жабдууларды орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштердин жүрүшүнө байланыштуу темир жол линиялары, фучик, М.Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен чектелген районго таза суу берилбейт.
Анын ичинде:
- №31, 13, 8, 2 орто мектептери, УВК №9;
- №№ 8, 22, 72, 164, 165, 167 бала бакчалары;
- К.Акиев №51 көчөсүндөгү №73 бала бакча
- №3 бала бакча;
- «Балдарды коргоо борбору»;
- «Арпа» коому;
- «Ош базары» уюму;
- «Берекет-Гранд»;
- «Берекет-Универсал», «Берекет» соода комплекстери, «Берекет» коому;
- Илимдер академиясы;
- Бишкек шаарындагы Улуттук банк;
- №2 клиникалык төрөт үйү;
- Бишкек троллейбус башкармалыгы;
- №1 шаардык клиникалык бейтапканасы;
- Некрасов көчөсүндө Бишкектегирмен комбинаты;
- ВЧ-4 УГПС;
- Ленин райондук администрациясы;
- Бишкек финансы-экономикалык академиясы;
- «Кыял» бирикмеси;
- Кыргызстан эл аралык университети;
- Батыш РЭС;
- Республикалык радиотелеборбор;
- Кыргыз-Россия слаян университетинин Медициналык факультети;
- Ленин райондук соту;
- №100 лицейи;
- Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик тил жана Кыргыз энциклопедиясы боюнча мамлекеттик комиссиясы;
- «Бишкекбашкыархитектура»;
- №2 Стоматологиясы;
- Манаса, 16 көчөсүндөгү мейманканасында суу берилбейт.
«Бишкексууканал» башкармалыгы келтирилген ыӊгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюм-мекемелерди сууну камдап алууга чакырат
Ссылка: https://barometr.kg/content8235
Добавить комментарий ×