Садык Шер-Нияз Анжелина Жоли менен жолугуп, бирге чай ичип, сүрөткө түштү

31 октябрь 2017 11:35 617 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык түйүндөрдө Голливуд жылдызы Анжелина Жоли менен парламент депутаты Садык Шер-Нияздын түшкөн сурөттөрүн талкуулап жатышат.

Бүгүн, 31-октябрда, депутат социалдык түйүндөргө голливуд жылдызы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап койгон. Анжелина Жоли Лос-Анжелесте өткөн эл аралык фестивалга катышкан.

"Ишенсеӊер ишенгиле, ишенбесеӊер жок, Анжелина апчебиз өзү келди фестивалыбызга. Келмек түгүл баары менен сүйлөшөп чай ичип, чер жазыша сүйлөшүп кетти", - деп жазган депутат.

Депуттатын мындай постун интернет колдонуучулар абдан талкуулап жатып калышты.

Анын кесиптеши депутат Алмамбет Шыкмаматов тамаша иретинде Садык-Шер-Ниязга Жолинин жүзүнөн өөп койбойсуӊбу деп кеӊеш берген.

Ал эми социалдык түйүндөгү дагы бир колдонуучу депутаттан голливуд жылдызын Кыргызстанга чакырууну суранып кетти.

"Анжелинаны Таласка алып келгилечи", - деп колдонуучулар жалдырашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content8225



Добавить комментарий