Сооронбай Жээнбеков: "Элдин ишенимин актоого бардык күчүмдү жумшайм”

31 октября 2017 11:21 524 Barometr
Поделиться в:
ok

"Кыргызстан аймактагы эӊ ийгиликтүү өлкөлөрдүн бири болушу керек, ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бизде мыкты пайдубал бар", - деп Кыргызстандын жаӊы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеклв «Кабар» мамлекеттик сайтына маек берип жатып билдирди.

С.Жээнбековдун айтымында, кызматка келгенде анын алгачкы иш-аракети катарында Алмазбек Атамбаевдин жолун жолдоочулук жана реформаларды улантууну чечүүнү баса белгилеген кадамдар болмокчу.

"Конституция боюнча президенттин көп милдеттери жана укуктары бар. Мамлекет башчыдан бөлөк эч ким мамлекеттик бийликтин бутактарын анын көз карандысыздыгы жана өз алдынчалуулугуна зыян келтирбестен координациялоо боюнча функцияларды аткара албайт. Биринчи кезекте Кыргызстандын өнүгүүсүндө стратегиялык багыттарга ээрчүү кепилдиктери туурасында кеп болуп жатат", - дейт С.Жээнбеков.

"Президенттик кызматке мен өзүмдүн бардык шайлоо алдындагы убадаларымды ишке ашырам, өлкөнүн акыркы жылдары жетишкендиктердин баарын бекемдейм деген чечим менен келдим. Жана өзүмдөн бардык күчүмдү, тажрыйбамды, билимимли жана убактымды элим жана өлкөм үчүн арноого даярмын", - здеп билдирди жаӊы президент.

"Биздин команда менен бирге, эл менен биргеликте элдин ишенимин актоого жана бир дагы жаран мага добуш бергенине өкүнүп калбашы үчүн бардык күчүмдү жумшайм!", - деп билдирди Жээнбеков маек учурунда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8223



Добавить комментарий