Болсунбек Казаков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонудунун төрагасы: “Семетей” мейманканасы ээлеген орду 5 миң чарчы метрди түзгөнүнө карабай, жылына болгону 50 миң сом гана киреше табат”

11 февраля 2017 17:16 465 Barometr
Поделиться в:
ok

“КСДП” фракциясынын  жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонудунун төрагасы  Болсунбек Казаков “Семетей” мейманканасын сатыкка коюууну сунуш кылды. Фонддун башчысынын айтымына караганда  мамлекетке киреше алып келбей турган бир катар мамлекеттик объекттердин катарында Бишкек шаарынын Токтогул, 125 дарегинде жайгашкан “Семетей” мейманканасы да бар экен. “Мейманкана ээлеген орду 5 миң чарчы метрди түзгөнүнө карабай, жылына болгону 50 миң сом гана киреше табат. Бул сумма ички чыгашаны гана жаба алат. Биз Өкмөткө кирешеси жок объектилердин кайсынысы сатылып, кайсынысы  кала тургандыгын сунуштап атабыз. Эгер объектилер милдеттерин аткара албаса сатууга кетет”, – деди фонддун төрагасы. 

Ссылка: https://barometr.kg/content822



Добавить комментарий