Патриарх Кирилл Сооронбай Жээнбековду куттуктады

31 октября 2017 10:26 585 Barometr
Поделиться в:
ok

Патриарх Кирилл Сооронбай Жээнбековду перзиденттик кызматка шайланышы менен куттуктады.

Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

“Сиз мамлекеттик бийлик органдарында маанилүү эмгек тажрыйбага ээсиз жана өзүӊөздүалдыдагы максаттарга жетишүүгө, татаал милдеттерди натыййжалуу аткарууга жөндөмдүү адам катары көрсөт алдыӊыз. Шайлоодо сизге көрсөтүлгөн колдоо өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө Сиздин ысымыӊыз менен ишеним арткан көптөгөн адамдардын Сизге болгон ишеним, үмүтүнөн кабар берип турат. Ушул жылы Кыргызстанга болгон иш сапарым учурунда кыргыз элининин меймандостугун өзгөчө жылуу сезимдер менен эстейм. Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдары жана Бишкектеги Орус Православ чиркөөсүнүн епархиясы ортосунда конструктивдүү кызматташуу мындан ары дагы жемиштүү өнүгөрүнө ишенем. Сизге саламаттык, бул жогорку кызматта Жараткандын колдоосун каалайм»,-деп айтылат патриарх Кириллдин куттуктоо телеграммасында.

Ссылка: https://barometr.kg/content8217



Добавить комментарий