Жумгал районунда шахтер каза тапты

31 октября 2017 10:08 437 Barometr
Поделиться в:
ok

Нарын областынын Жумгал районунда Миӊ-Куш айлынынын Ак-Улак участкасында 30-октябрда шахтер каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Өзкөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен маалымдашкандай, шахта урап кетип натыйжада 1956-жылы туулган, М.Б. аттуу жаран каза болду.

«Шахтердун сөөгүн издөө ишине №43 атайын унаасынын отряды, №44 отрядынан 2 куткаруучу жана 15 жергиликтүү тургун катышкан. Кечээ, 30-октябрда, куткаруучулар жана жергиликтүү жашоочулар шахтанын ичине кирип саат 19:50лөрдө 15 метр тереӊдиктен жарандын сөөгүн алып чыгышкан, кийин аны милицияга тапшырышкан»,-деп белгилешти министрликтен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8212



Добавить комментарий