БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады
Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда 15-октябрда болгон президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Жыйынтыктарды БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Демек, шайлоонун жыйынтыгы боюнча талапкерлер төмөнкүдөй добушка ээ болушкан:
Эрнис Зарлыков - 1 миӊ 554, же 0,09%;
Токтайым Үмөталиева – 1 миӊ 473, же 0,09%;
Темир Сариев – 43 миӊ 311, же 2,55%;
Улукбек Кочкоров – 8 миӊ 498, же 0,5%;
Таалатбек Масадыков – 10 миӊ 803, же 0,64%;
Өмүрбек Бабанов - 568 миӊ 665, же 33,49%;
Арстанбек Абдылдаев – 2 миӊ 15, же 0,12%;
Азимбек Бекназаров – 2 миӊ 743, же 0,16%;
Сооронбай Жээнбеков – 920 миӊ 620, же 54,22%.
Адахан Мадумаров – 110 миӊ 284, же 6,57%;
Арсланбек Малиев – 1миӊ 621, же 0,1%;
«Баарына каршы» - 12 миӊ 371, же 0,73%.
Ссылка: https://barometr.kg/content8202
Добавить комментарий ×