Кыргыз өзбек маданияты бекемдөө үчүн эки өлкөнүн театр артисттери Ошко жана Ташкентке турне жасашат

11 февраля 2017 16:15 647 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык артисттер соңку 20 жылдан бери алгачкы жолу  Өзбекстанга бир жумалык турне жасап жатышат. Оштогу Бабур театрынын артисттери коңшу өлкөгө жөнөп кетишти. Алар бир айдын ичинде Анжиян, Наманган жана Фергана шаарларында “Айкөл Манас” спектаклин тартуулашат. Топтогу 46 адамдын бардык чыгымдарын өзбек өкмөтү көтөрүп жатканын аталган театрдын директору Набижан Мамажанов билдирди. 2016-жылдын соңунда Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко сапар жасаган учурда вице-премьер-министр Адхам Икрамов Ташкент Бабур театрына 50 миң доллар жардам берерин айткан. Оштогу Бабур өзбек драм театрында 160 адам иштейт. Анын 70и чыгармачыл курам. Арасында эки эл артисти, 11 эмгек сиңирген артист бар. Маданият кызматкерлери мындан ары  мындай мыкты алака уланаарына ишенгилери келишет. 

Ссылка: https://barometr.kg/content820



Добавить комментарий