Илим Карыпбековдун айткан сыны депутаттарды нааразы кылды
Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков депутаттардын дарегине айтылган сын-пикирге нааразы болду. Ал мындай нааразычылыгын бүгүн, 30-октябрда, комитеттин социалдык маселелер, илим, маданият, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча өткөн жыйында билдирди.
«Өткөн жыйында КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков социалдык түйүндөргө депутаттардын ишмердүүлүгүн сындап жазган. Анын айтымында, комитетке 40 чиновникти чакырышкан жана 3 министрге суроо беришкен. Кыязы ушундан улам бюджетке зыян келтирилген», - деп белгиледи депутат.
«Ошондуктан биз бүгүн маселени кароону КТРКнын бюджетинен башташыбыз керек. Чолпон Аалыевна сиз бул маселе тууралуу Илим Карыпбеков менен сүйлөшүп алып аны жооп берүүгө чакырдыӊызбы? Эми бизди сындабаган ал эле калыптыр да. Бул эмне дегендик? Депутаттарды сындаганды кайдан көрдүӊүздөр эле? Муну кандайча түшүнсө болот?», - дейт Момбеков.
Комитеттин башчысы Гулькан Молдобекова эмне үчүн КТРКнын жетекчиси комитетттин жыйынына келбегендигине кызыкты.
«Биздин ага көптөгөн сурообуз бар, мына депутаттар нааразы болууда. Жыйынга анын орун басары эмес ал жеке өзү катышуусу керек», - деп белгиледи комитеттин башчысы.
Белгилесек, буга чейин аталган корпорациянын жетекчиси Илим Карыпбеков депутаттар чиновниктерди чакырып алып аларга суроо беришпейт, мындан улам чиновниктердин убактысы кетип жатат деп айтып депуттардын ишмердүүлүгүн сынга алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8198
Добавить комментарий ×