Маданият министрлигине Султан Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды

30 октября 2017 15:28 513 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Султан Жумагуловдун талапкерлигин жактырды.

Белгилесек, Султан Жумагулов Би-Би-Си Бүткүл дүйнөлөк радио кызматынын кыргыз редакциясында кабарчы, «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунда директор болуп эмгектенген. ЭЛТР телекомпаниясына башчылык кылган. 2014-жылы Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директор кызматын аркалаган.

Депутаттар талкуунун жыйынытыгы боюнча Султан Жумагуловдун аталган кызмат ордуна талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна жиберишти.

Эске салсак, буга чейин Түгөлбай Казаков аталган ведомстонун жетекчилигинен кеткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8193



Добавить комментарий