Өкмөт чек арадагы абалдан улам зыянга учураган фермерлерге жардам берет

30 октября 2017 12:41 491 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кыйын кырдаалдан улам зыян тарткан дыйкандар менен ишкана ээлерине жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда, өкмөттүн мүчөлөрү менен болгон кеӊешмеде премьер министр Сапар Исаков билдирди.

«Мен жапа чеккен фермерлер менен ишкана ээлеринен чыдап турушун өтүнөм. Биз жакын арада аларга жардам беребиз», - дейт өкмөт башчы.

Ал 10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчөтүлгөн көзөмөл киргизгенин эске салды.

«Буга байланыштуу өкмөт бул маселени чечүү боюнча бир катар чаралды көрүү чечимин кабыл алды. Сочиде мен Казакстандын президенти Н.Назарбаевге барып кырдаал тууралуу маалымат бердим, Астанада биз Казакстан Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк», - дейт премьер.

Анын айтымында, кыргыздар менен казактар бир тууган эл болуп саналат жана эки өлкөнүн чек арасында болгон кыйын абалга карабастан,коӊшулук,  биз туугандык алакаларды сакташыбыз керек.

Белгилесек, ушул жылдын 10-октябрында Казакстан Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчөтүлгөн режимдеги көзөмөлдү киргизген болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8185



Добавить комментарий