Күртстан лидери өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартпайт

30 октября 2017 11:49 463 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирактагы күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани президенттик мөөнөтүн узартпайт. Ал ишембиде аймактык парламентке өз ыйгарым укуктарын өкмөт жана парламент ортосунда бөлүштүрүү планын тапшырды. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Күртстан аймагында шайлоо 1-ноябрга белгиленген.

22-октябрда күрттөрдүн оппозициячыл партиясы Барзанини отставкага кетүүгө чакырган. Саясатчылар аны Киркук провинциясында жайгашкан мунайга бай аймактардагы көзөмөлдү Ирак армиясына алдырып жибергени үчүн айыпташкан.

Ирак армиясы Багдадды колдогон шиит топторунун колдоосу менен Киркук аймагынан күрт күчтөрүн сүрүп чыгарып, алардын андагы таасирин азайтууда. Бул Күрт автономиясынын бийлигинин 25-сентябрдагы көз карандысыз референдумуна каршы Багдаддын жообу катары бааланууда. Аталган референдумга катышкандардын 93 пайызы көз карандысыздыкты колдоп добуш берген. Бирок расмий Багдад аны мыйзамсыз деп атап, жыйынтыгын тааныган эмес. Киркуктун күрт автономиясынын курамына кирбегендигине карабастан бул провинциянын жашоочулары дагы референдумга катышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8180



Добавить комментарий