Алматыда Кыргызстандын сүт азыктары сатыктан алынды

30 октября 2017 10:41 424 Barometr
Поделиться в:
ok

Алматы боюнча Айыл чарба министрлигинин ветеринардык жана көзөмөл комитетинин аймактык инспекциясы Кыргызстандын территориясынан импорттологон продукцияларды жеткирүүчү жана өндүрүүчүлөрдүн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берүү маселеси боюнча ички соода объектилеринде ветеринардык-саниттардык көзөмөл жүргүздү.

Бул тууралуу Informburo кабарлады.

Анын жүрүшүндө Алматынын ички соода объектисиндеги “Шарапат” кампасында ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген Кыргызстан келген сүт азыктары аныкталды.

Анын ичинде, продукцияга анын коопсуздугун ырастаган ветеринардык документтер көрсөтүлгөн эмес.

Маркировкада товардын сактоо мөөнөтү, даярдоо күнү белгиленген эмес, ошондой эле, өндүрүүчүлөр өзүнүн продукциясын Казакстанга өткөрүүгө укук берген ишканалардын тизмесинде катталган эмес.

"Бардык продукция сатыктан алынды жана жок кылынды. Анын жалпы көлөмү 127,8 кг түзгөн. Продукциянын аты: чечел сыры – т/м Bergader; сулугуни сыры – т/м ИП Bykoff; эчки сыры – т/м "Ала-тоо-сүт" ЖАК», – деп такташты аталган инспекциядан.

24-октябрда Казакстан Кыргызстандан жеткирилген 400 тоннадан ашуун жер-жемишти кайтарып бергени маалым болгон.

 

10-октябрда Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арада ветеринардык көзөмөлдү күчөткөн. Буга байланыштуу Кыргызстандын сүт чыгаруучу беш ишканасына Казакстанга продукциясын өткөрүүгө тыюу салынган.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8172



Добавить комментарий