Кыргыз-казак чек арасындагы абал ДСУда каралат

30 октября 2017 09:54 459 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды Дүйнөлүк соода уюмунун атайын комитети 10-ноябрда карайт. Анда кыргыз өкмөтү чек арадагы жагдай боюнча атайын баяндама менен чыгат. Бул тууралуу экономика министри Артем Новиков билдиргенин Борбор Азия кабарлар кызматы жазып чыкты.

Анын айтымында, чек арадагы абал татаалдашкандан кийин кыргыз тарап Евразия экономикалык биримдиги менен Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара көйгөйү 10-октябрда башталып, казак бийлиги ары-бери өткөн жарандарды, автоунааларды текшерүүнү күчөткөн. Ошондон бери мамиле чыңалып турат.

Расмий Астана муну Кыргызстан аркылуу келген аткезчиликке каршы күрөш деп түшүндүргөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астанага барып, казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолуккан, тараптар жарандарды, жүргүнчү ташыган автобустарды, жеңил жана бош жүк ташуучу автоунааларды текшерүүдө жеңилдик берүүгө жетишкен. Бирок оор жүк ташуучу автоунаалар узун кезек күтүп, учурда алардын саны 600дөн ашты.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн отурумунда Казакстан Кыргызстан менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча Исаков менен жетишилген "жол картага" кол коюудан баш тарткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8166



Добавить комментарий