Сапар Исаковдун үйүнө анын жаӊы паспортун алып келишти
Поделиться в:
Премьер-министр Сапар Исаков жалпы жарандык паспорт алды. Документти анын үйүнө алып келишти. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө өкмөт башчы өзү кабарлады.
Ал паспорт алуу үчүн арызды 10-октябрда, КРдын Коомдук телерадио корпорациясынын түз эфиринде мамлекеттик электрондук кызматтар боюнча порталды тааныштыруунун жүрүшүндө толтурулганын белгиледи.
"Арызда паспортту үйгө жеткирүү зарылдыгын белгиледим. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жашаган аймак боюнча алып келип беришти. Мындай нерсе порталкиргизилгендиги үчүн ишке ашып жатат", - деп жазган премьер.
Эске салсак, өкмөт башчы "Ала-Арча" резиденциясында жашайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content8160
Добавить комментарий ×