Атамбаев УКМК кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычын тапшырды
Поделиться в:
Президент Алмазбек Атамбаев КРдын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйдүн ачылыш салтанатына катышты.
Мамлекет башчы УКМК кызматкерлерин жаӊы конушу менен куттуктап, бул алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн чыныгы майрам экенин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев чекисттерди аткарган кызматы үчүн ыраазычылык билдирди жана акыркы жылдары кыргызстанда туруктуулук менен тынчтыкты орнотууда анын маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти.
Президент Алмазбек Атамбаев батирлерди карап чыгып, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге көп кабаттуу турак жайдын короосуна балдар аянтчасын куруу ишине 300 000 сомдук сертификат тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8151
Добавить комментарий ×