Экс-депутат Төлөгөнов 15 жылга эркинен ажыратылды
27-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын экс-депутаты, белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун уулу Райкан Төлөгөновду үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды.
Эске салсак, Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү (кылмыш жасоону уюштурган же аны аткарууну жетектеген, уюшкан топту же кылмыштуу шериктерди түзгөн же болбосо аларды жетектеген), 167-берене (тоноону уюштурган), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратууну уюштурган) жана 241-берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча айып тагылган.
Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, 65 жаштагы Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү талап-тоногон деген айып менен быйыл 28-мартта УКМКнын тергөө абагына камалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8150
Добавить комментарий ×