Назарбаев казак тилинин алфавитин латынчага которуу боюнча жарлыкка кол койду

28 октября 2017 21:52 474 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев латын графикасына негизделген казак тилинин арибин бекитти. Тиешелүү жарлык президент администрациясынын сайтында жайгаштырылды. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматынан билдиришти.

 

Жарлыктын тиркемесинде 32 тамгадан турган латын арибинин варианты жарыяланды.

Казак президенти кол койгон документте өкмөткө казак тилинин арибин латын графикасына которуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Кирилл арибинен латынчага өтүү жараяны 2025-жылга чейин уланат.

Назарбаев январда 2017-жылдын аягына чейин латын арибинин негизинде казак тилинин алфавитин түзүү тапшырмасын берген.

2025-жылга чейин өлкө мезгил-мезгили менен басылып чыкчу жыйнактарды, документтерди жана көчө аттарын латын арибине которот. Казакстан 1929-1940-жылдар аралыгында латын тамгаларын пайдаланып келген. 1929-жылга чейин араб графикасы колдонулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8149



Добавить комментарий