"Кыргызтелекомдо" башкаруу алмашты. Ишканага Марат Каратаев жетекчилик кылат
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун жаӊы директорлор кеӊешмеси компаниянын жаӊы башкаруу түзүмүн бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда, Barometr.kg сайтына өкмөттүн өздүк булактары билдиришти.
Мындай чечим кечээ, 27-октябрда, директорлор кеӊешинин чогулушунда кабыл алынган.
Чечимге ылайык, компанияга Марат Каратаев башчылык кылат.
Коммерциялык директору (башкаруу мүчөсү) болуп Мирлан Карабукаев, техникалык директор кызматына Жума Жумалиев дайындалды.
Административдик директор жана компаниянын стратегиялык өнүгүү боюнча директору кызмат орундары ваканттуу бойдон калат.
Мындай алмашуунун себептери тактала элек.
"Кыргызтелекомдун" кирешелери ушул жылдын алты айы ичинде 839 миллиондон ашуун сомду түзгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content8148
Добавить комментарий ×