Жаӊы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда болот
Алдын ала маалыматтар боюнча президенттик шайлоодо жеӊишке жеткен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы ушул жылдын 24-ноябрында болот. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына өздүк булактар билдиришти.
«Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы балким, 24-болот», - деп Жогорку Кеӊештен билдиришти.
Белгилесек, Кыргызстандын учурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы мындан туура алты жыл мурун 2011-жылы 1-декабрда болгон. Ага ылайык, Жээнбеков дагы президенттик кызматка декабрда келиши керек эле. Бирок ал тездетилген.
Депутаттар мындай чечим чек арадагы кыйын кырдаалга байланыштуу кабыл алынган деп эсептешет жана бийликке жаӊы мамлекет башчынын келиши менен абал жакшы нукка өзгөрөт деп ишенишет.
Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) маалымдашкандай, БШК үч күндүн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыктарын жарыялоого ниеттенүүдө. Бул, шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин «Ак үя» өлкөнүн бешинчи президентинин инаугурация салтанатына даярдыктарды көрө баштайт дегенди билдирет.
Эске салсак, Кыргызстанда 2017-жылдын 15-октябрында, мамлекет башчыны шайлоо күнү өткөрүлгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Сооронбай Жээнбеков (54% добуш) жеӊишке жетишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/content8147
Добавить комментарий ×