Тугелбай Казаков Маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулду
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Т.Т.Казаков жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Казаков Тугелбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content8140
Добавить комментарий ×