Хирургдар башы жабышкан сиам эгиздерин ажыратты

27 октября 2017 17:15 1394 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШда 16 айлык Эбби менен Эрин Делани 2016-жылы 24-июлда туулган. Ошол учурдан бери алар өмүрүн ооруканада өткөрүп келишет.

Балдар төрөлөрү менен дарыгерлер эгиздер кандайча байланышканын аныктап процедуралады камтыган планды иштеп чыгышкан. Алар былтыркы жылы октябрь айында эгиздерди ажыратуу үчүн операция жасоого өтүшкөн.  Анда дарыгерлер кыздардын баш сөөгүн бириктирип турган сөөктү кесип салышкан. Андан соӊ ордуна кыздардын баштарын алыстатып ажырата турган атайын түзүмдү орнотушкан. Кийин аппарат Эбби менен Эриндин баш сөөгүн эки сантиметрге чейин алыстатканда хирургдар негизги этапка өтүшкөн.

Беш ай ичинде наристелерге дагы бир нече операция жасалган. Анда алардын баштарынын бириктирген жерде тери алдындагы ткандар кеӊейтилген. Эгиздердин башын ажыраткандан кийин баштагы боштукту жабуу үчүн кошумча тери керектелген.

Баш сөөктү ажыратуу боюнча мындай уникалдуу операция беш ай мурун жасалган. Азыр дарыгерлер оперция ийгиликтүү өткөнүн айтышууда.

Операция 11 саат созулуп, ага 30 дарыгер тартылган. Команданын башында нейрохирург Грегори Хеуэр пластикалык хирург Джесси Тейлор менен биргеликте турган.

Эми эгиз кыздар өз алдынча отура алышат, бир орундан экинчи жерге жыла алышат. Алдыда дагы бир нече жыл бою кыздарга операция жасоо керектелет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8118



Добавить комментарий