"Супаранын" администратору тоолордо сүрөткө түшүү үчүн акча талап кылууда

27 октября 2017 16:05 696 Barometr
Поделиться в:
ok

""Супара" этнокомплексинин администратору комплекстин аймактарында гана эле эмес, ошондой эле, коӊшу тоолордо дагы фотосессия жасоодо акы төлөөнү талап кылат", - деп сүрөтчү Иван Попов социалдык түйүндөрдө билдирди.

Демек, анын маалыматына ылайык, жергиликтүү сүрөтчүлөр «Супара» этнокомплекси курулганга чейин эле коӊшу тоо кыркаларында тез-тезден сүрөткө тартып эле жүрүшчү.

"Бирок бул жылы этнокомплекстин администрациясы мындайга чектөө коюп жатат. Эми акылдуу түр менен барып баарына теӊ ал жерлерде сүрөткө түшүүгө тыюу салып жатышат. Себеби эмнеде экенин эч ким жеткиликтүү түшүндүрүп бербейт. Бир жолкусунда мен алардын сүрөтчүсүнө атаандаштык жаратып жатканымды айтышкан эле, дагы бир кез болсо болбойт деп эле коюшту. А бүгүн болсо билбейм деген жооп алдым. Мейли, биз акча төлөөгө макулбуз, бирок канча? 2000 сом. Кийинки жолкусунда 5000 сом дешти. Баалар кыязы администратордун маанайына жараша болуп турабы.. Бирок бүгүн алар чектен өтүп кетишти, анткени алар фотосессия үчүн 150 доллар талап кылышты. Эмне үчүн? Мен администратордон бул маалыматтарды камерада сүйлөп берүүсүн өтүнгөнүмдө ал баш тартып күлүп койду. Мындай боло берсе биздеги бардык тоо, бак-дарактарды менчиктештирип алышатко»,-деп жазат нааразы болгон сүрөтчү.

Ссылка: https://barometr.kg/content8116



Добавить комментарий