Атамбаев Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

27 октября 2017 15:29 456 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тарта Түркмөнстан мамлекетти бекемдөөдө олуттуу жыйынтыктарга жетишти. Бүгүнкү күдө өлкөдө саясий туруктуулук сакталып турат, улуттук экономика өнүгүп жатат. Эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары дагы бекемделерине тереӊ ишенем», - деп мамлекет башчынын куттуктоосунда белгиленген.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедовго бекем саламатчылык, мамлекеттик ишмердүүлүктөрүнө ийгилк, ал эми Түркмөнстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өркүндөө каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content8114



Добавить комментарий