Эйфель мунарасы ок өтпөс айнек менен курчалат

11 февраля 2017 10:09 627 Barometr
Поделиться в:
ok

Париж бийлиги Эйфель мунарасын террорчулардан сактоо максатында анын айланасына ок өтпөс айнек тосмо курууну пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине калаа мэриясындагы  маалымдады. Париж бийлиги  курулуш күзгө чейин бүтөөрүнө ишендиришүүдө.  Учурда Эйфель мунарасын тегерете темир тосмо курчап турат. Тосмо  былтыр июнда футбол боюнча Европа чемпонатына карата убактылуу орнотулган. Көрүлгөн чараларга карбай, футбол күйөрмандары массалык баш-аламандык учурунда полициянын курчоосун жарып өтүп, тосмону ашып түшүшкөн.Ок өтпөс айнек тосмонун бийиктиги 2,5 метр болот, бул үчүн 20 миллион евро жумшалат. Айнек дубалдын долбоорун атайын комиссия жана Айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги жактырып бекитип бериши зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/content811



Добавить комментарий