Көмүр баасын үч айга жөнгө салуу сунушталды
Поделиться в:
Кыргызстандын Экономика министрлиги үч ай ичинде көмүр баасын жөнгө салууну сунуштады. Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтында коомдук угууга коюлду. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы кабарлады.
Министрликтин маалыматына ылайык, айрым аймактарда көмүр 20%-25% кымбаттады. Октябрга карата бир тонна көмүр 4325 сомго чыкты. Жергиликтүү көмүрдүн баасы 6,7%, импорт 3,9% өстү.
Экономика министрлиги буга кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жана казак бийлигинин көмүр экспортуна тыюу салышын себеп катары көрсөтүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content8106
Добавить комментарий ×