Кредитин төлөй албай кыздарын күйөөгө бергендер арбын

27 октября 2017 12:09 1142 Barometr
Поделиться в:
ok

Гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаеванын айтымында, эрте никеге тургандар шаарга караганда элет жергесинде көп кездешет. Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин изилдөөсү боюнча, алардын 15,9 пайызы жакыр жашаган үй-бүлөлөр экен. Бул тууралуу Nazarnews.kg жазып чыкты. «Ата-энелерде кызды эрте күйөөгө берип, ошону менен тынып калсын деген көз караш бар эмеспи. Биздин гендердик экспертгер жабырлануучу кыздар менен жеке баарлашып сүйлөшкөндө, кредитин төлөй албай жашы жете элек кызын турмушка берип койгон учурлар белгилүү болгон. Бирок, мындай үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү кайра эле ажырашып кеткенин биздин иликтөөлөр далилдеди» дейт Гүлбарчын Жумабаева.

Ссылка: https://barometr.kg/content8100



Добавить комментарий