«Саякбай» тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгы үчүн ат салышат

27 октября 2017 11:56 399 Barometr
Поделиться в:
ok

«Саякбай» фильми Кыргызстандын атынан «Алтын глобус» Голливуддук чет элдик басылмалар бирикмесинин сыйлыгына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасы улуу манасчы Саякбай Каралаевдин жашоо жана чыгармачылыгына арналат.

Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ушул жылдын 31-августунда Эл аралык Монреаль кинофестивалында көрсөтүлгөн. Анда тасма «Мыкты инновациялык фильм» номинациясында «Алтын Зенит»  сыйлыгына татыган.

Тасманын сюжети боюнча 1957-жылдагы окуялар чагылдырган. Ал учурда эч кимге белгисиз Чыӊгыз Төрөкулович Айтматов, Москвадагы адабият институтунда студент болуп жүргөн кезинде каникулда манасчы Саякбай Каралаевге келет. Манасчы менен бир нече күн болгон баарлашуусу келекчектеги жазуучуну Манас баатырдан чыныгы жашоосуна жана кыргыз элинин руханий маданиятына жетелейт.  

Белгилесек, «Алтын глобус» - бул америалык сыйлык. Ал 1944-жылдан баштап кинофильмдер жана картиналар үчүн Голливуддук чет эл басылмалар бирикмеси тарабынанберилет. «Алтын глобус» жыл сайын январь айында Голливудда жашаган 90 эл аралык журналисттердин добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8099



Добавить комментарий