Жайыл районунда аялды башка чаап өлтүрүп короого көмүп койгон
Жайыл районунда эркек адам өзү менен чогуу жашаган аялды өлтүрүп, денесин үйдүн короосуна көөмп койгон. Бул тууралуу Чүй областык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн- участкалык инспектору 26-октябрда, болжол менен саат 14:15терде, карамагындагы аймакта текшерүү жүргүзүп жаткан учурда тургундардан Алтын айылындагы үйлөрдүн биринде аялдын сөөгү көмүлгөн өӊдүү деген маалымат алган.
Инспектор үйдү текшерип чыкканда белгисиз аялдын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге иликтөө-ыкчам тобу келген. Натыйжада кылмышка шектелип үйдүн ээсинин жээни, 36 жаштагы Ш.К. кармалган. Жаран 19-октябрда кечинде кызганычтан улам катуу нерсе менен аялды башка чаап жибергенин айтып, кылган ишин мойнуна алган. Алган жаракатынан улам аял ошол жерден жан берген. Кылмышка шектүү менен каза болгон жаран чогуу бир үйдө жашашкан жана үйлөнүүнү пландап жүрүшкөн. Каза тапкан А.Ч. аттуу жаран 30 жашта, Талас областынын тургуну болгон.
Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content8097
Добавить комментарий ×