Исаков: Кыргызстан Казакстандын айыптоосуна жооп берет

27 октября 2017 10:57 774 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин айыптоолоруна жооп катары кийинчерээк өзүнчө билдирүү жасайт. Бул тууралуу 25-октябрдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Бул боюнча Борбор Азия кабарлар кызматы жазды.

"Чек ара өткөрмө бекеттериндеги автоунаалардын узун чакырым кезеги чынында эки өлкө жарандарынын тең кескин нааразылыгын жаратууда. Анткени ал жакта Кыргызстандан эле эмес, Казакстандын да, башка үчүнчү өлкөлөрдүн да жарандарынын унаалары бар", деп Исаков учурдагы кыргыз-казак чек арасындагы абалга кыскача токтолду.

Анын алдында Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып келерин билдирип чыккан. Бул көрүнүштү Кытайдан айрым товарлар бажы алымы алынбастан, аткезчилик менен өтүп жатканы катары белгилеген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8092



Добавить комментарий