Баткенде үч шахтер каза болду

27 октября 2017 10:14 460 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен областындагы Самаркандек айыл аймагынын Гарым участогунда 3 шахтер каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ, 26-октябрь күнү кечки саат ондордо болгон. Жарандар көмүр казуу иши менен алектенип жатышкан.

Алдына ала берилген маалыматтарга ылайык, шахтерлор 90 метр тереӊдиктеги иске ууланып каллышкан.

Окуя болгон жерге 9 кишиден турган куткаруучу топ келип 3 адамдын сөөгүн алып чыгышкан:
- С.Ормонова, 1970-жылы туулган;
- И.Ибрагимова, 1972-жылы туулган;
- Акмат уулу У., 1987-жылы туулган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8088



Добавить комментарий