АКШ Түндүк Кореяга карата санкцияларды кеңейтти

27 октября 2017 08:52 425 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Кошмо Штаттар адам укуктарынын бузулушу үчүн жоопту түндүк кореялык аскерлерге жана аткаминерлерге карата чектөөлөрдү койду. АКШ каржы министрлиги маалымдагандай, санкцияга Түндүк Кореянын жети жараны жана үч уюму киргизилди. Бул тууларуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

Санкциялык тизмеде Түндүк Корея аскер коопсуздугу департаментинин башчысы, эмгек министри дагы бар. АКШнын каржы министри Стивен Мнучин түндүк кореялык аскерлер бүткүл дүйнө боюнча өлкөдөн качкан диссиденттерди куугунтуктоого катышы бар экенин айтты.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп алардын Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу аракеттерине Орусия тоскоол болуп жатканын билдирген. Сентябрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши Пхеньянга карата санкциялык тизмени кеңейткен.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8078



Добавить комментарий