Киевде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды
Киев шаарында «Триптих» галереясында Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин жана жаш сүрөтчүлөр Аяна Касымова, Алия Шагиеванын картиналары көргөзмөгө коюлду. Иш-чаранын темасы «Көчмөн» деп аталып, ал Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы дипломатиялык алакалардын 25 жылдыгына арналды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына сынактын уюштуруучусу Алина Мурзаева билдирди.
«Мен Киевде эки жылдан бери жашайм. Кыргызстан туурасында сурагандар абдан көп. Ошентип биздин мекендеш Азамат Исмаилов менен биргеликте Киевде кыргызстандык сүрөтчүлөрдөн көргөзмөсүн уюштурууну чечтик»,-дейт Алина Мурзаева.
Уюштуруучунун айтымында, көргөзмөнүн идеясы көчмөн маданиятын көрсөтүүда жатат.
Белгилесек, иш-чарада кыргыз элинин көчмөн маданиятынын уникалдуулугун, Кыргызстандын руханий салтын, бай жана кооз жаратылышын чагылдырган 30дан ашуун эмгек коюлду. Көргөзмө ушул жылдын 15-ноябрына чейин уламакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/content8075
Добавить комментарий ×