Мирзиёев: «Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда виза болбошу керек»

26 октября 2017 16:32 531 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркия жарандары үчүн виза алуу жараянынын жеңилдетилиши — эки өлкөнүн жакындашуусуна жасалган алгачкы гана кадам экенин билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы билдирди.

«Биздин бир тууган элдин ортосунда виза болбогон күн да келет. Биз сөзсүз буга аракет кылабыз. 20 жылдын ичинде бири-бирибизди кандай сагынганыбыз көзүбүздөн көрүнүп турат. Азыр биз бири-бирибизди жарым сөз же көз караштарыбыз аркылуу гана түшүнүп жатабыз», – деди Шавкат Мирзиёев.

Быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү дээрлик 30 пайызга өскөндүгүн белгилеген Өзбекстан президенти бул көрсөткүчтүн өтө аз экенин айтты. «Биз жогорку чектерди белгилешибиз керек. Мында кеп 2-3 миллиард доллар жөнүндө эмес, 5-6 миллиард доллар жөнүндө болушу керек», — деди Мирзиёев.

Андан тышкары 16-марттан тарта «Түрк аба жолдорунун» Стамбулдан Самаркандга уча баштай турганы белгилүү болду. Өз кезегинде «Өзбекстан аба жолдору» улуттук авиакомпаниясы бул багыт боюнча 30-октябрдан тарта туруктуу каттамдарды ачат. Жүргүнчү ташуучулар ортосунда Анкарада стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Шавкат Мирзиёев Стамбулдагы бизнес-форумда 3,5 млрд долларлык 35 документке кол коюу пландалып жатканын билдирди. Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстанды бардык тараптан стратегиялык өнөктөш деп, Шавкат Мирзиёевдин сапарын тарыхый окуя деп атады.

Ссылка: https://barometr.kg/content8071



Добавить комментарий