Балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазалар катаалданды

26 октября 2017 14:53 512 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап чыгышты.

Оӊдоолорду КРдын Кылмыш-процессуалдык кодексине киргизүү сунушталды.

Белгилесек, бул мыйзам долбоору аркылуу балдарга, анын ичинде жашы жетек элек жана кичине балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата санкцияларды катаалдатуу сунушталууда.

Белгиленгендей, соттор жаш балдар алгачкы көрсөтмөсүндө «зордукталганын» белгилеп жатканына карабастан алардын «жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен ишке ашкан» деген көрсөтмөлөрүн негиз тутууда. Муну менен бирге, эгер зордуктоо боюнча көрсөтмөсү болбогон учурда дагы, соттор жыныстык катнаш жаш балдардын эрки менен болгон дегенди негиз кылбашы керек. Ошондой эле, жабыр тарткандардын айыпталуучуларга болгон материалдык, психологиялык көз карандысыздыгын эске алуу абдан маанилүү. Мыйзам долбоору жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыш иштери жабырлануучунун арызысыз же анын мыйзамдуу өкүлү болбой туруп деле козголо берерин белгилейт.

Мыйзам долборуунун демилгечилери Жогорку Кеӊештин депутаттары А.Салянова, Ж.Акаев, М.Жеенчороев, А.Жапаров, И.Масалиев, Н.Никитенко, К.Орозова, Э.Сурабалдиева, Э.Токтошев.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8064



Добавить комментарий