Атамбаев Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту

26 октября 2017 13:46 544 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда, Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда, президенттик аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы Жумабековду жогорку жана жоопкерчиликтүү кызмат ордуна шайланганы менен куттуктап, ага ийгилик каалады.

Президент Алмазбек Атамбаев төрагага ыйык Куранды жана «Манас» эпосун белек кылды. Өлкө башчы азыркы тапта дагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн күрөшү уланып жатканын белгилеп өттү.

Атамбаев Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү мындан ары дагы өлкөнүн саясий системасынын туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/content8061



Добавить комментарий