Аскар Акаев Москвадагы супермаркеттердин биринде. Мынча «Боржомини» эмне кылат?
Поделиться в:
Социалдык түйүндөрдө Кыргызстандын туӊгуч президенти Аскар Акаевдин Москвадагы супермаркеттердин биринде жүргөн сүрөтүн жарыялашты.
Анда Акаев кассанын жанында сатып алгандарды баштыка салып жатат.
Сүрөттөргө карап баамдасак, Акаев алтыдан ашуун «Боржоми» минералдык сууну жана бир нече йогурт сатып алган.
Соцтармактын колдонуучусу Улан Жумаков Акаевдин сүрөтүнүн алдына «качкын президентке «Боржомини» ичүүгө кеч болуп калды» деп жазып койгон.
Эске салсак, Кыргызстандын мурунку мамлекет башчысы Аскар Акаев бийлик алмашкандан кийин 2005-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол учурдан бүгүнкү күнгө дейре ал үй-бүлөсү менен Москвада жашап келет.
Ссылка: https://barometr.kg/content8044
Добавить комментарий ×